Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

“Мегаком” чырын териштирчү жумушчу топ ишке киришти


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңеш төрагасынын демилгеси менен түзүлгөн бул жумушчу топтун курамына депутаттар Галина Скрипкина, Азамат Арапбаев, төраганын кеңешчиси Султан Медеров жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Аны парламенттин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Акылбек Жапаровдун айтымына караганда, иликтөө иштери 10 күн аралыгында аяктап, анын жыйынтыгы парламентте угулат. Текшерүү иштери эки багытта жүрөт: мүлктүн кимге таандыктыгын аныктоо жана каржы операцияларынын мыйзамдуулугун тактоо. Жапаровдун айтымында, эң башкы максат - коорупциялык схемаларды таап чыгып, мамлекеттик казынаны бюджетке чегерүү болуп саналат. Мүлктү улутташтыруу фондунун директору Даир Кенекеев ушу тапта тергөө амалдары менен аудит иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Апрель ыңкылабынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда “Альфа телеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин карамагына өткөн. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG