Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 18-мартта уланат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 18-мартта улана турган болду. Мындай токтомду Бишкек гарнизондук аскер соту кабыл алды. Соттук териштирүү Бишкектеги Жаза өтөө боюнча мамлекеттик кызматынын астындагы Соттолгондорду кароолго алуу жа коргоо департаментинин залында өтөт. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жараяндын катышуучулары сөзсүз түрдө атайын тизме жана каттоо менен гана залга киргизилет. Соттук иш кайра башынан жаңы соттук курамда каралмакчы.

Апрель окуясы боюнча соттук жараян 30-ноябрда териштирүү өтүп келген Спорт ордосунун жанындагы жарылуудан кийин белгисиз мөөнөткө жылган болчу. 7-апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен кошо жалпысынан 28 адам айыпталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG