Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Ливия жарандык согушка ыктап барат


Эл аралык Кызыл Чырым уюму Ливия жарандык согушка ооп баратканын билдирди. Уюмдун төрагасы Якоб Келленбергер 10-мартта эскерткенге караганда, Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр менен козголоңчулар ортосундагы согуш күчөчүдөй болуп турат. "Биз дайыма жаман кырдаалга даяр болушубуз керек. Бул өзгөчө жагдайда биз салгылашуунун дагы күчөөсүнө даярданышыбыз керек дегенди түшүндүрөт",-деп билдирди Келенбергер Женевада.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-мартта жасаган билдирүүсүндө Ливияга тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө ынанып болбойт жана Ливиянын аба мейкиндигин жабык деп жарыялоо боюнча талкууну эрте деди.

Каддафичил күчтөр бейшембиде Триполиге жакын Завия шаарынын көпчүлүк бөлүгүн ээлешкени, ошондой эле чыгыштагы мунай кендүү Брега шаарын абадан бомбалаганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG