Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Бүгүн Акмат Бакиевдин соту уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттон маалымдашты. 17-февралдагы сот жараянында Акмат Бакиевдин жактоочусу ишти карап жаткан Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Нурлан Мусаевге ишеним көрсөтпөө өтүнүчү менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бирок облустук сот бул өтүнүчтү 22-февралда карап, четке каккан. Бүгүн соттук териштирүүнү Жалал-Абад шаардык соту жүргүзөт. Соттук процесстин жана анын катышуучуларынын коопсуздугу үчүн деген жүйөнүн негизинде Акмат Бакиев Бишкектеги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына которулган болчу.

Акмат Бакиевге 2010-жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылган. Ал жана анын адвокаттары коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келатышат.

XS
SM
MD
LG