Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

Үч фракция коалиция маселесин талкуулаганга киришти


Бир катар депутаттардын демилгеси менен Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны токтотулуп, парламенттик көпчүлүккө кирген фракциялар коалицияга байланыштуу соңку маселелерди талкууланганга киришти. Мындай чечим парламенттеги “Республика”, КСДП партияларынан келип түшкөн каттардын негизинде кабыл алынганын төрага Акматбек Келдибеков ачыктады. Депутаттардын жүйөлөрү боюнча, акыркы мезгилде коалициянын айланасында түрдүү кептер айтылууда. Мындан улам бул маселелерди чечүү керек. Коалицияны талкуулаган бул жыйынга премьер-министр Алмазбек Атамбаев, биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун катышаары күтүлүүдө.

“Республика”, КСДП жана “Ата Журт” партияларынан турган коалиция 16-декабрда түзүлгөн болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG