Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

“Мегакомго” келтирилген чыгым 28 млн. долларды түзөт


Бул тууралуу “Мегакомдун” ээси болгон “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев “АКИпресс” агенттигинде билдирди. Анын айтымында, мындай көлөмдөгү каражат компаниянын банктагы эсептеринен оффшордук аймактарга которулуп кеткен. "Күндөн күнгө бул зыяндардын көлөмү өсүп жатат. Бул маалыматтарды тастыктай турган далилдер жетиштүү",- деп билдирди Мурзалиев.

Жыл башында Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдындагы Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фонду “Альфа Телекомдун” 10 миллион долларынын дайыны чыкпай жатканын билдирген. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгонун Каржы полициясы кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG