Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Ак үй АКШнын чалгын кызмат башчысынын Ливия боюнча пикири менен макул эмес


Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын кызматынын башчысы Жеймс Клаппер кечээ Сенаттагы угуу учурунда ал Муаммар Каддафи бийликтен кетип, Ливиядагы кризистин чечилишине шарт түзүлгүдөй белгилерди көрбөй жатканын билдирген. Ошондой эле Каддафинин күчтөрү козголоңчуларга караганда жакшы жабдылгандыктан бул урушта үстөмдүк кылчудай болуп турганын белгилеген.

Бирок АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон Клаппердин айтканын сынга алып, Муаммар Каддафинин эл аралык изоляцияда калганы жана Ливия элинин аны кулатуу үчүн чечкиндүүлүгү жаңжалдын кандай жыйынтык менен аяктарында чечүүчү роль ойноосу мүмкүндүгүн айтты.

Мунун алдында АКШ президенти Барак Обама Муаммар Каддафи легитимдүүлүгүн жоготконун белгилеп, ал бийликтен кетүүсү керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG