Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Акмат Бакиевдин соту 14-мартта уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүнкү соттук териштирүү Акмат Бакиевдин жактоочусунун келбей калганына байланыштуу кийинкиге жылдырылды.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевге 2010-жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылган. Ал жана анын адвокаттары коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келатышат.

Бул ишти Жалал-Абад шаардык соту Бишкектеги Аскер сотунун имаратында карап жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG