Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Жапониянын түндүк-чыгышындагы жер титирөө


Жапониянын Чиба префектурасында өрттөнүп жаткан газ кампасы. 2011-жылдын 11-марты. REUTERS.
Жапониянын Чиба префектурасында өрттөнүп жаткан газ кампасы. 2011-жылдын 11-марты. REUTERS.

11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышы 8,9 даражага жеткен жер титирөөнүн жана толкунунун бийиктиги 10 метрге жеткен цунаминин бутасы болду. Жабыр тарткандардын ичинде 1 млн калкы бар Сендаи шаарынын аймагы да бар. Тынч океанга чектеш бир катар Ыраакы Чыгыштагы мамлекеттерде, Орусияда, АКШда жана Австралияда цунамиге байланыштуу коопсуздук чаралары көрүлдү.


Бүгүн (11-мартта) түштөн кийин (Бишкек убакыты боюнча күндүзгү саат 11:46да) Жапониянын түндүк-чыгышында Тынч океандын түпкүрүндө ири жер титирөө катталды.

Жапониянын өкмөт башчысы Наото Кан табигый кырсык тууралуу калайыкка мындай деп маалымдады:

- Жапониянын бардык тургундарына кайрылам. Өзүңүздөр сыналгыдан көрүп, үналгы аркылуу кабардар болгондой, бүгүн саат 14:46да өтө зор жер титирөө болду, анын күчү 8,9 даражага жетти.

Жер титирөөнүн чордону чукулураак деңиз жээгинен 125 чакырымдай алыстыкта деңиздин он чакты чакырым тереңдиктеги түпкүрүндө болду жана бул чордон Токиодон 400 чакырымдай узактыкта жайгашканы маалымдалды.
Жапониянын Мийаги префектурасындагы Натори жергеси да жер титирүүдөн кийинки топон суудан жабыр тартты. 2011-жылдын 11-марты. REUTERS/KYODO.

Бул ири жер титирөөдөн кийин да башка бир нече жер силкинүү катталды.

Зилзалалар чынжыры кубаттуу цунамини пайда кылды. Ташыган мухит толкунунун бийиктиги 10 метрге чейин жеткени кабардалууда.

Кубаттуу толкун Жапониянын түндүк-чыгышындагы бир катар аймактарды каптап, бир нече жүздөгөн адамдын өмүрүн алганы жоромолдонууда.

Шаар-кыштактар, ишканалар, дыйканчылык талаары, нечендеген унаалар суу менен баткакка жуурулушуп калды. Айрым газ кампалары өрттөнүп, жарылганы да көрсөтүлдү.

Жапон сыналгысы бир чоң кеме деңиз жээгинен бир нече чакырым алыстыкка чейин ширеңке кутусу сымал агызылып келип шаар ортосуна жантайып кулап калганын, цунамиден качкан унааларды түз берүүсүндө көрсөтүп жатты.

Жапониянын түндүк-чыгышындагы жер титирөө

x
Жапониянын түндүк-чыгышындагы жер титирөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00
Түз линк
Видео тасма.
11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышы 8,9 даражага жеткен ири жер титирөөнүн жана толкунунун бийиктиги 10 метрге жеткен цунаминин бутасы болду. Жабыр тарткандардын ичинде 1 млн калкы бар Сендаи шаарынын аймагы да бар. Reuters. 11.03.2011.

Жапония өкмөтү өзгөчө жабыр тарткан аймактарга чукул көмөк көрсөтүү үчүн атайын өкмөттүк комиссия түздү.

Бул комиссияны жетектеген премьер-министр Наото Кан кабарчыларга кыскача маалымат берип, жер титирөөнүн жана цунаминин негизги чордонуна жакын аймактардагы төрт өзөктүк кубат ишканасында кырдаал коркунучтуу эмес экендигин, алардан эч кандай радиоактивдүү зат сыртка чыкпаганын маалымдады.

Жапон коомдук сыналгы каналы Эн-Эйч-Кей Уорлд Ти-Ви (NHK World TV) компаниясынын Токиодогу башкеңсесинде да жер титирөөнүн айынан эмеректер титиреп турду.

Дал ошол маалда сыналгынын алып баруучусу мындай деп кабар таркатып жатты:

- Мен Токиодогу Эн-Эйч-Кей Уорлд сыналгысынын студиясынан баяндап жатам. Биз чоң зилзаладан кийинки жер силкинүүнү сезип жатабыз. Ушул саатта, мен баяндап аткан чагымда, студиябыздагы шамдар титирөөдө.

Негизинен, Жапония бул сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча дүйнөдөгү өтө кылдат, тыкан жана мыкты даярдалган мамлекеттердин бири.

Ошондуктан набыт болгон кишилердин саны ушундай табигый кырсыктарга кабылган башка өлкөлөрдөгүгө караганда азыраак болушу да ыктымал.

Чукул жардам өнөктүгү жапон аскерлеринин катышуусунда жүргүзүлүп жатат.

Ушул тапта эми цунами пайда кылган толкундар тартылып калганы, чукул жардам аракеттери тездетилгени маалымдалды.

Цунаминин кесепети Токиодогу баалуу кагаздар базарына да тийгени кабардалууда.

АКШ Геологиялык иликтөө компаниясы жиберген бул сүрөттө 2011-жылдын 11-мартында Жапониянын түндүк-чыгышына жакын мухит тереңдигинде күчү 8,9 даражага жеткен жер титирөө болгон аймак көрсөтүлгөн. AFP PHOTO / USGS.
Тынч океандын бир катар башка аймактарында – Орусия, Корея, Кытай, Тайван сыяктуу Ыраакы Чыгыштагы мамлекеттерде, Индонезия, Филиппин, Австралия, Жаңы Зеландияда жана АКШнын батыш жээгинде (анын ичинде Калифорния штаты сыяктуу аймактарда) жана Тынч мухиттеги дээрлик бардык аралдарда цунами коркунучуна байланыштуу шашылыш коопсуздук чаралары көрүлүп жатат.


Цунами (топон суу) эпкини Гаваййи аралдарына бүгүн Бишкек убакыты боюнча кечки саат 08:00де жеткени маалымдалды.

Орусия бийлиги Ыраакы Чыгыштагы айрым жайлардан 11 миңдей киши коопсузураак аймактарга шашылыш көчүрүлгөнн маалымдады.

Жалпысынан, Жапония жер титирөө көп кайталанган өлкөлөрдүн катарына кирет.

1995-жылы өлкө батышындагы Кобе шаарындагы жер титирөөнүн айынан 6400дөй киши набыт болгон.

Дүйнөнүн башка аймактарындагы алааматтуу жер титирөөлөрдүн бири – Суматра аралында катталганы белгилүү. 2004-жылы мындагы зилзаладан улам алааматтуу цунами (топон суу) башталып, ташыган мухиттин өтө бийик толкундары Инд океанынын 14 мамлекетинде бери дегенде 230 миңдей кишинин өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG