Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Ливия: Каддафинин күчтөрү козголоңчуларды сүрүп чыгууда


Муаммар Каддафинин күчтөрү козголоңчулар ээлеп алган эки маанилүү аймакты кайра тартып алышты. Окуя болгон жердеги кабарчылардын айтуусунда, Эз-Завияда Каддафини колдогондор бир нече күн катары менен айосуз бомбалап жатып, шаарды кайрадан өз көзөмөлүнө алды.

Кара май терминалы жайгашкан Рас-Лануф шаарынан да козголоңчулар сүрүп чыгарылды. Муаммар Каддафинин уулу Сейф Каддафи эми өкмөттүк күчтөр Бенгази шаарын көздөй баратканын билдирди.

Ливиялык оппозициянын лидери Мустафа Абдул Жалил эл аралык коомчулукту козголоңчулардын кыймылын расмий уюм, Бенгази шаарынын администрациясын Ливиянын мыйзамдуу өкмөтү катары таанууга чакырды. Жалил Батыштан жардам сурап, "биздин күч менен Каддафинин күчтөрү асман менен жердей экенин бардыгыңар түшүнсөңөр. Каддафинин армиясы шаарды туш тарабынан курчап, эч кимди чыгарбай жатат",-деп билдирди.

XS
SM
MD
LG