Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Н.Саркози, Д.Кэмерон: Каддафи кетиши керек


Ливияда Муаммар Каддафинин күчтөрүнүн катуу чабуулуна кабылып жаткан козголоңчулардын кыймылын Евробиримдикте өзүнчө саясий күч катары таанууга Франция менен Британия чакырды.

Француз президенти Николя Саркози менен британ премьер-министри Дэвид Кэмерондун биргелешкен катында Каддафинин режими бүткөндүгү, эми анын бийликтен кетүүсү гана калгандыгы айтылат.

Бүгүн Брюсселде башталган Евробиримдиктин жыйынында Ливиядагы кырдаал талкууланат.

XS
SM
MD
LG