Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Жапония "чакан атомдук кырсык" тууралуу расмий маалымдады


Жапония ишембиде Өзөктүк кубат (Атомдук энергия) боюнча Эл аралык агенттикти “чакан деңгээлдеги кесепетке кириптер кылган өзөктүк кырсык” тууралуу кабардар кылды. Жума күнкү (11-марттагы) жер титирөөдөн жабыркаган Фукусима атомдук ишканасында радиациянын деңгээли нормадан алда канча көтөрүлгөнү катталды. Жапон өкмөтү кырсыктын масштабын 7 баллдык көрсөткүч боюнча 4 баллга баалады. Анын алдында Токио өкмөтү Фукусима Даичи өзөктүк бекетинде болгон жарылуудан кийин абага чыгып кеткен радиоактивдүү заттардын деңгээли жогорулаган жок деп маалымдаган. Ошол эле маалда бийлик бекеттин айланасындагы жергиликтүү калайыкты 10 чакырымдан алысыраак аймактарга убактылуу көчүүгө үндөгөн.
Күчү 8,9 баллга жеткен зилзала менен анын айынан башталган топон суудан (цунами) 1 миңден ашуун киши набыт болгону кабардалууда.
Жапониядагы кыргыздар аман-эсен деген да кабар бар.

XS
SM
MD
LG