Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:50

ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа Ошто болду


Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа баштаган делегация Ош шаарында вице-премьер-министр Шамил Атаханов, жергиликтүү башкаруу органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Кеңешмеде аймактагы коопсуздук, Кыргызстандын түштүгүндө баңги зат ташуу жолдорун көзөмөлгө алуу өңдүү маселелер жабык эшик артында талкууга алынды. Мындан сырткары чукул кырдаалдар учурунда ЖККУ тарабынан көрсөтүлө турган жардамдар тууралуу сөз болду. Оштогу жолугушуудан соң ЖККУнун өкүлдөрүнөн турган делегация Баткен облусуна жөнөп кетти. Ал жерде да облустук активдер менен жолугушуулар өтмөкчү. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG