Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Жапония: өзөктүк кубат ишканасында дагы бир жарылуу коркунучу бар


Жапониянын бийликтери Фукусимадагы Даичи өзөктүк кубат ишканасындагы 2-реактордо да кырсык болушу мүмкүн деп чочулоодо. Ишембиде (12-мартта) зилзаладан жана топон суудан жабыркаган өзөктүк ишканада жарылуу болуп, радиоактивдүү заттар айлана чөйрөгө чыгып кеткен. Аймактан 170 миңдей киши көчүрүлдү. Жапон кабинетинин катчысы Юкио Эдано атомдук ишканадагы абалды мындайча сүрөттөдү:

- Мен Сиздерге үчүнчү реактор тууралуу айткым келет. Бул реактордо да жарылуу коркунучу бар деген жыйынтыкка келдик. Бул реактордогу суу жабдыгыч система токтоп калды. Эми биз аны бургулап, басым жаратуучу жабдуудагы абаны сыртка чыгарып, бул жабдууга сууну сордуруп киргизүү далаалатын жасап жатабыз.

Жума күнкү табигый кырсыктан каза тапкандардын саны болжолу менен 10 миң кишиден ашышы мүмкүн.
Мындай маалыматты жума күнкү жер титирөөдөн өзгөчө жапа чеккен чөлкөмдөрдүн бири болгон Мияги шаарынын полициясы таратты. Полициянын басма сөз өкүлү калаанын өзүндө эле 10 миңдей киши набыт кеткен болушу мүмкүн деп кабарлады.
Азырынча Миягиде 379 кишинин өлүмү тастыкталды.
Ал тапта өлкөнүн метеорологиялык агенттиги жер титирөөнүн күчү 9 даража (балл) болгонун маалымдады. Буга чейин силкинүү күчү 8,9 баллга жетти деп айтылып келген.

XS
SM
MD
LG