Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

“Атамдын элеси түбөлүккө сакталат”


Мыктыбек Сулаймановдун эстелиги
Мыктыбек Сулаймановдун эстелиги

Былтыр 12-13-июнь күндөрү коогалаңда мыкаачылык менен набыт болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун аты Базар-Коргон районундагы бир көчөгө ыйгарылды. Артында калган төрт уулун жубайы Чынара Бечелова айылдагы дүкөнүнөн тапкан каражаты менен багууда.

Жанара 2-курстун студенти. Сабактан келери менен апасына жардам берет. Атасы Мыктыбек Сулаймановду эми ал сүрөттөн гана көрбөсө, өзүн эч качан көрбөйт. Анткени атасы былтыр жайдагы коогалаңда киши колдуу болгон. Ошондогу атасынын акыркы жолку элеси анын түбөлүк эсинде калды:

Мыктыбек Сулаймановдун кызы Жанара Сулайманова
- Мен ошол учурда дүкөндө элем. Анан атам досу экөө унаа менен өтүп кеткен болчу. Ошондо акыркы жолу көрдүм... Атам жакшы киши эле. Бизди абдан жакшы көрчү. Каалаган нерсебизди алып берип, жакшы карачу...

Милициянын майору Мыктыбек Сулайманов былтыркы коогалаңда Базар-Коргон районунун Кара-Үңкүр дарыясындагы көпүрөдө тополоңчуларды тартипке келтирип жүрүп, ошол жердегилердин колунан мыкаачылык менен мерт болгон. Маркумдун жубайы Чынара Бечелова жолдошу менен болгон соңку мүнөттөрүн мындайча эскерет:

- 10-июнда тополоң башталган күнү түнкү саат экилерде тез келгиле деп чакырышты. Анан ал кетти. Эми тынчып калат деген ой менен мен биринчи күнү көп деле кыжаалат болгон эмесмин. Андан мурун Баткен окуясында деле, Аксы окуясында деле барган болчу. Ошентип 12-июнь күнү келди. Кийимдерин бир сыйра которуп, тамак ичип кайра жөнөп калды. “Барбай эле койбойсуңбу” деп айтсам, “элди коргогону кетип атабыз да” деп күлүп койду. Анан унаасына түшүп жатып колун булгап калды... Ага чейин машинеге отурганда жөн эле күлүп түшүп кетчү да... Азыр ойлоп койом, ошондо биз менен коштошуп аткан экен.

Мыктыбек Сулаймановдун сөөгү табылган жер
Ошондон бир аз өтүп эле Чынаранын аялдык ички туйуму бир нерселерди сезип, жүрөгү опкоолжуй баштайт:

- Өзүмчө жаман боло баштадым. Башка үйгө кирсек эле, чоң абысынымдын кызы чуркап эле келди да сүйлөй албай, ыйлап калды. “Эмне болду, эмне болду” десем, “Мыкын акемди атып коюшуптур” деп эле ыйлап жиберди. Райондук РОВДга барып, “Мыкын кана, Мыкын кана” десем, мени ал жердегилердин эч кимиси карай калбай, жер тиктешет. Тез жардам машинесин ачсак, унаа менен бир болуп жатыптыр да...

Баш коштурган, кайра ажыраткан коогалаң

Чынара Бечелова менен Мыктыбек Сулайманов 90-жылы баш кошушкан. Ошол мезгилде да этностор аралык коогалаң эми эле тынчып, коменданттык саат убак эле. Экинчи жолу кайталанган этностор аралык кагылыш минтип алардын бирин алып тынды.

Чынара Бечелова
Бирок эми өлгөндүн артынан көмгөн болбой, Чынара айым өз тирилигин тың улантып жатат. Айылдагы дүкөндө соода кылып, аракетинин баарын төрт баласын эч нерседен кем кылбай бакканга жумшайт. Улуу баласы да атасынын жолун жолдоп милиция кызматкери болом деп чечти. Бирок тапшырууга үлгүрбөй калып, президент өзү колдоо көрсөтүптүр:

- Анда ички иштер министри Кубатбек Байболов болчу. Бишкекке барганыбызда ага жолуксак, “Мыктыбектин баласы барбы, биз окуталы” деди. Мен айттым “баласы бар, бирок мен окутпайм. Мага бир эле милиция жетет” дедим. Уулума айтсам, “мен милиция болом, мен атамдын тагдырын кайталамак белем” деп болбой койду. “Сен айылда иштей турган эле кесипти тандап, менин маңдайымда эле бол” десем эч макул болбоду. Анан тапшыралы десек, убакыт бүтүп калыптыр. Роза Отунбаева келгенде өзү сурап калып, анан ушул окуу жайга өтүп, билим алып жатат.

Мыктыбек Сулайманов атындагы көчө
Капитан Мыктыбек Сулаймановго набыт болгондон кийин милициянын майору деген наам берилди. Ошондой эле мамлекеттик бир нече сыйлыктар тапшырылды. Базар-Коргондон тарта айылы Кызыл-Айга чейинки чоң көчө анын ысымын алды. Бирок мунун баары оңойчулук менен келген жок деп каңырыгы түтөйт жубайы Чынара айымдын:

- Ошол көчөгө деле жөн эле берип койгон жок. Эстелигин деле араң койдурдук. Ага барабыз, буга барабыз, суранабыз, урушабыз. Мектепке да ошентип жатып бир бурч ачтырып жатам. Мунун баарын балдарым үчүн кылып жатам, болбосо өзүм деле ооруп араң жүрөм. Ушу балдарым башын бийик көтөрүп, “биздин атабыз баатырларча каза болуптур, биздин атасыз өткөн балалыгыбыз жөндөн-жөн болгон эмес экен” деп ойлосун дейм.

Базар-Коргон райондук соту былтыр 12-13-июнда мыкаачылык менен мерт болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө күнөөлүү деп беш кишини өмүр бою эркинен ажыратып, эки айыптууну 20 жылдан, дагы бирөөнү 9 жылга түрмөгө кести.

Айыпталуучулардын апелляциялык арызы менен сот иши кайрадан каралып, облустук сот да чечимди күчүндө калтырган. Бул ишти эми Жогорку Сот да кайра карап чыкмакчы.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG