Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Бишкекте “Франкофония” жумалыгы башталат


Жумалык бүгүнтөн тарта 20-мартка чейин уланат. Иш-чараны Швейцариянын кызматташтык боюнча бюросу менен Франциянын Кыргызстандагы элчилиги уюштуруп жатат. “Франкофония” жумалыгы – француз тилдүү мамлекеттердин маданиятын жана тилин даңазалоо, тааныштыруу максатын көздөйт. Кыргызстанда “Франкофония” жумалыгы бир канча жылдан бери март айында уюштурулуп, француз тилин жана маданиятын жайылтуу максатында бир апта бою француз тилиндеги тасмалар, концерттер, сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн ар түрдүү сынактар уюштурулат. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы кызматташтык боюнча бюросу билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG