Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Жапониядагы АЭСте дагы бир жарылуу болду


“Фукушима” атомдук электростанциясында экинчи жарылуу болду. Жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Юкио Эдано станциянын энергоблогундагы жарылуудан реакторду жабыркабаганын, радиациянын деңгээли жогорулайт деген коркунуч жок экенин айтты. Кечээ Фукушимадагы Дайичи атомдук станциясынын айланасынан 80 миңдей адам башка жактарга көчүрүлгөнү айтылган. Радиациядан ал жакта буга чейинки жарылууда 22 адам жабыркаган.

Бир аз мурдараак бийиктиги үч метрге жеткен жаңы цунами өлкөнүн түндүк-чыгышына жылып келатканы кабарланган эле. Бирок өлкөнүн аба ырайын алдын ала кабарлоочу агенттиги бул маалыматты четке кагып, океандагы толкундун деңгээли мурдагыдай эле экенин бышыктады.

Өткөн аптанын жума күнү катуу жер титирөөдөн улам жаралган цунамиден эң көп жабыркаган Мияги префектурасында 2000ге жакын адамдын өлүгү табылганын бүгүн Киодо маалымат агенттиги кабарлады. Бийликтер буга чейин өлгөндөрдүн саны 10 миңге жетиши да ажеп эмес дешкен. Көптөгөн райондорду суу шыпырып кетти.

XS
SM
MD
LG