Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

КСДП: заман жаңы, сот эски


Социал-демократтар фракциясы сот тутумун реформалоо зарылдыгы тууралуу билдирүү таратты. Анда 2005-жылдын мартында жана 2010-жылдын апрелинде болгон революциялар Кыргызстандын эли өз өлкөсүнүн келечегине кайдыгер эмес экендигин көрсөткөнү, андыктан парламенттик системаны бекемдеп, аткаруу жана сот системасын өркүндөтүү керектиги айтылат.

“Мурдагы режимдерге ылайыкталып тузүлгөн Кыргызстандын сот системасы, ошол системада колдонула турган бардык терс жактарды өзүнө камтып, бүгүнкү күндө адам укуктары менен эркиндиктерин коргоонун көз карандысыз институту катары жашап кете албайт”,- деп айтылат билдирүүдө. Соттордун корпусу жогорку квалификациялуу соттор менен катар эле, мурдагы президенттердин “кол бала чиновниктери, чөнтөктүн күчү” менен өткөн көптөгөн кесиптик деңгээли төмөн соттордон да турары айтылат.

Андыктан КСДП соттордун курамын жогорку деңгээлдеги адистер менен камсыз кылуу, аларды саясий же башка кийлигишүүлөрдөн көз карандысыз кылуунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштайт. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG