Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Окумуштуу Арон Брудный дүйнөдөн өттү


Белгилүү окумуштуу, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, философия илимдеринин доктору, Борбор Азиядагы америка университетинин Психология лабораториясынын жетекчиси Арон Брудный 79 жашында 14-мартка караган түнү, саат 2де көз жумду. Бул тууралуу БААУнун Коом менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

А.Брудный акыркы 52 жылда илимдер академиясында эмгектенип келген. Москва мамлекеттик университетинде, кыргыз-орус Славян университетинде иштеген. Соңку жылдары БААУнун Психология лабораториясын да жетектеп келген.

Окумуштуунун 300дөн ашуун илимий эмгектери жарык көргөн. Илим жаатында сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Анын илимий эмгектери дүйнөнүн 7 тилине которулуп, жарыяланган. Окумуштуу менен коштошуу иш-чарасы эртең, 15-мартта саат 11:00дө, БААУнун имаратында өтмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG