Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

КЭР элчилиги: “Таатанда” каза болгондордун сөөгүн жөнөтөбүз


Кытай элчилигинин өкүлү Мээрим Акматалиева “Азаттыкка” билдиргендей, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 12-мартта киши колдуу болгон эки кытайлыкты мекенине кайтаруу иш-чараларына кол кабыш кылууда. Элчиликтен кабарлашкандай, каза тапкан кытайлыктардын сөөгүн кыргыз тараптын атайын органдары карап чыгып, уруксат берилген соң мекенине жөнөтүлөт.

Ошол эле маалда “Таатан” соода түйүнүндө каза тапкан кытайлык соодагерлердин бирөөнүн тууганы Владимир Лю “Азаттыкка” билдиргендей, аталган соода түйүнүндө иштеген кыйтайлыктар каза болгондордун сөөгү мекенине жөнөтүлмөйүнчө жумушка чыкпай турганын билдиришти.

“Таатан” соода түйүнүндө иштегендердин айтымында, 12-март күнү аталган соода комплексте иштеген дунган тектүү жергиликтүү жарандар менен соодагер кытайлар жаңжалдаша кетишип, натыйжада эки кытайлык мерт кеткен. Милиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG