Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Жапон АЭСинде үчүнчү реактордун муздатуу системасы иштен чыкты


“Фукусима - Дайичи” атомдук электростанциясында үчүнчү реактордун муздатуу системасынын иштен чыгышынын артынан жарылуу болгон. Буга чейин ушундай эле кырсык аталган АЭСтин эки реакторунда да орун алган эле. Жапон өкмөтүнүн башкатчысы Юкио Эдано мындай дейт:

- Биз жарылуу номер биринчи реактордогудай болгон деп ойлойбуз. Станциядан жыйырма чакырым аралыктагы адамдарды көчүрүү жөнүндө буйрук чыкты. Көчүрүлгөндөргө биз сыртка чыкпоону сунуш кылдык.

Жапон бийликтеринин маалыматына караганда, соңку жарылуудан 11 киши жаракат алды. Бирок реактордун тулкусу бузулган эмес. Бул маалыматты МАГАТЭнин адистери да ырасташты.

11-мартта күчтүү зилзалага жана аны коштогон цунамиге кабылган Жапониянын Мияги провинциясында бүгүн эки миңдей адамдын сөөгү табылды. Ал эми курмандыктардын жалпы саны 10 миңге чейин жетиши мүмкүн деп болжолдонууда.

Цунамиден улам өлкөнүн түндүк-чыгышы ири талкаланууларга дуушар болду. Өлкөнүн премьер-министри Наото Кан соңку жер титирөө менен цунамини Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор жаратылыш кырсык деп атады.

XS
SM
MD
LG