Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Сот А.Бакиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок


Бүгүн Бишкекте Жалал-Абад шаардык соту мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча анын жактоочуларынын арызын карап, арызды канааттандырган жок. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирет.

Ошентип соттук териштирүүлөр бүткөнчө А.Бакиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармала бере турган болду. Буга чейин А.Бакиевдин жактоочулары сотко арыз менен кайрылып, айыпталуучунун оорусуна байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үйдө жатып сурак берүүсүнө шарт түзүүнү өтүнүшкөн.

А.Бакиев 22-июнда кармалган. Ага "массалык башаламандыктарды уюштурган", "куралдуу топторду түзгөн", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн" деген сыяктуу айыптар тагылууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG