Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

Бишкек май куюучу жайларга толуп кетти


Бүгүн Жогорку Кеңеште Коопсуздук жана коргонуу комитетинин жыйынында, Транспорт министринин орун басары Деңиз Сулайманов Бишкек шаарында жаңы май куюучу жайларды курууга тыюу салууну сунуш кылды. Анын айтымында, ушул тапта Бишкекте 91 май куюучу жай бар жана алардын көбү турак-жайлардан анча алыс эмес жайгашкан. Ошол себептүү май куюучу жай күйүп кетсе, эл жашаган үйлөргө да жабылып кетүү коркунучу чоң. Андан тышкары май куюучу жайлардан чыккан зыяндуу заттар абага таркап, шаардыктардын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле Транспорт министрлиги абаны абдан эле булгап аткан эски унаалардын сатылышына тыюу салууну да сунуштоодо. Депутаттар бул маселени Жогорку Кеңеште карамай болушту. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG