Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Каддафинин сөзү эле өзү тууралуу азил жаратат


Ливиянын 42 жылдан бери бийлик тизгинин колунан чыгарбаган диктатору Муаммар Каддафинин узакка созулган жалындуу сөздөрүнүн өзү эле коомчулукта күлкү бутасына айланып келет. Бирок күлкүнүн артында калайыктын азабы, муңу, ыйы да катылып келет.


* * * * *

Африка Кошмо Штаттары

Каддафинин чоң идеяларынын бири – Африка Кошмо Штаттарын түзүү.

2009-жылы жайында Африка Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары Ливияда кезектеги саммитке чогулушкан.

Ошол кездеги Африка Биримдигинин төрагасы катары жыйынды алып барган Каддафи Африка Кошмо Штаттарын түзүү идеясын улам козгоп, коноктордун мазесин алган экен.

Түштүк Африка Жумуриятынын президенти Жейкоб Зума (Jacob Zuma) бул жыйын тууралуу кийинчерээк бир далай азил кептерди айтып эскерген.

Зуманын айтымында, саммиттеги сөздөрдүн чейреги жалаң Каддафиге таандык болуптур.

Каддафи түштөнүү убакыты болоорун, кишилер укташы да керектигин унутуп калат экен”, - деп тамашалап айткан Зума мырза.

* * * * *

“Викиликсти” “Клинекс” деп атаганда

42 жылдан бери Ливиядагы бийлик тизгинин колунан чыгарбаган “Ыңкылап лидери” 2011-жылдын январындагы Тунистеги ыңкылапка терс мамилесин ачык билдирди.

Өзүнүн быйылкы 17-январдагы жалындуу сөзүндө интернетти “душмандардын каражаты” катары да айыптаган.

Каддафинин оюнча, Тунисти 23 жылдай башкарган диктатор Бен Алинин бийликтен куулушу “чоң катачылык” болгон.

Бул саясатчы Тунисти “өмүр бою” башкаруусу керек болчу, деп сыналгы аркылуу чыгып сүйлөөсүндө Каддафи өкүнүчүн билдирди.

Өз диктаторуна өмүрү өткүчө башкарып турууну ыраа көрбөгөн тунистиктерге гана акаарат келтирбестен, Муаммар Каддафи “желечилерди” (интернетти маалымат каражаты катары ырааттуу колдонгондорду, башкача айтканда, англисче netizen – “интернет атуулу” деп атала баштагандарды) да айоосуз сынга алды.

Каддафинин сөзүнөн үзүндү:

Ал түгүл ушул силер да, менин тунистик бир туугандарым, ушу силер да ушул “Клинекс” (Kleenex, “мында ал “Викиликс” (Wikileaks) интернет барагын, балким, атайылап эле тазалык кагаздарын чыгаруучу компаниянын соода маркасы менен чаташтырып айтып жатат. – ред.) дегенди жана интернеттеги курулай сөздөрдү окуп жатасыңар го?

Бул интернетке ар кандай акылынан азган неме, ар кандай мас немелер, ичкилик ичип алып эле жаза беришет экен. Деги силер ошого ишенесиңерби?

Интернет дегениң – чаң соргучтай эле бар. Ал ар нерселерди соруп чогулта берчү неме. Ар кандай жарабаган немелер, ар кандай калпычылар, аракечтер, башканын таасирине жеңил-желпи азгырылчулар, ар кандай эле баңгизатка берилгендер ушул интернетте сүйлөй алат.

Анан силер алардын жазганын окуп, ошого ишенип алып атпайсыңарбы!

Интернеттеги сөз – акчага эмес, бекер таркатылат. Эми ошентип эле биз “Фейсбуктун” (Facebook), “Клинекстин” (Kleenex) же “Ю-Тюбдун” (YouTube) курмандыгына айлана беришибиз керекпи?

Эми тетияктагылар (
мында Каддафи “Батыш” маанисинде айтып жатат. – ред.) биздин маанайыбызды көрүп шылдыңдап күлүү үчүн түзгөн ушул каражаттардын курмандыгы болушубуз эле калдыбы?” - деп Каддафи ачуулана сүйлөдү.

* * * * *

Каддафи - расмий кызматсыз, бирок эл үчүн кызмат өтөп жаткан бечара

Муаммар Каддафи өзүн “бийликтен кетсин, өлкөдө көп партиялуу демократиялык түзүлүш орносун” деп талап кылып чыккандарга каршы 2001-жылы февралда бир нече ирет өтө ачуулана жооп кайтарды.

Анын айтымында, аны кызматтан кетирүүгө болбойт, себеби анын атайын расмий кызматы да жок.

“Мен тек гана ыңкылаптын көсөмүмүн, атайын кызматым жок. Анан кайсы кызматымдан чегинишим керек?”- деди колун жая Каддафи мырза.

Маселен, Ливия лидери Муаммар Каддафи 2011-жылы 25-февралда Триполинин Жашыл аянтында жүздөгөн жактоочулары менен жолугушуусу учурунда мындай деди:

- Биз душманды талкалоого жөндөмдүүбүз. Душманды элдин эрки менен куралчан топтор аркылуу жок кылабыз. Зарыл болсо курал–жарак Ливиянын бардык элине, Ливиянын бардык урууларына берилет. Ливия жалындаган отко айланат.

Мен бул жерге силерди, силердин каармандыгыңарды кубаттоо үчүн келдим. Аларга жооп берүү үчүн мен эл арасындамын, топтун ичиндемин. Анткени Муаммар Каддафи президент же падыша эмес. Анда конституциялык бийлик жок. Бирок эл аны сүйөт жана аны көргүсү келет
.


* * * * *

Пайгамбарга теңегендерге каршы ылаажы жок


Бир ирет чет өлкөлүк журналисттер андан “Эмне үчүн жердин баарында Сиздин сүрөтүңүз, театр-кинолордо Сиз тууралуу тасмалар жайнайт?” деп сурап калышат.

- Эми менин колуман эмне келет? Элим өзү ушуну талап кылып жатпайбы!.. - өзүн тим эле пайгамбарга теңеп ийген көшөкөрлөрүнө алы жетпей турганын Каддафи өтө жупунулук менен мойнуна алды.


* * * * * * *
(Ар кыл интернет барактардан иргелип алынды).
XS
SM
MD
LG