Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Күйүүчү майдан кошумча төлөмдөрдү алып салуу келишими кечеңдөөдө


Орусиядан келүүчү күйүүчү майдан кошумча төлөмдөрдү алып салуу тууралуу ырасмий Москва менен Бишкектин алдын-ала келишими күчүнө кирбей кечеңдөөдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү орусиялык күйүүчү майынан кошумча бажы төлөмдөрүн алып салуу боюнча сүйлөшкөн. Бирок ушул тапта орус өкмөтү андай чечим чыгарууга шашпай атат. Эми премьер-министр Алмазбек Атамбаев 18-мартта Москвага болгон иш сапары учурунда бул маселени кайрадан көтөрмөкчү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG