Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Сауд Аравиянын 1000 аскери Бахрейнге кирди


Бахрейндеги башаламандыктардын артынан өкмөттүк жайларды коргоо үчүн коңшу өлкө 1000 аскерин жибергени тууралуу Саудиянын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, Батыш маалымат агенттиктери кабарлашты. Саудиялык тарап алардын аскерлери Перси булуңу Кызматташтык кеңешинин күчтөрүнүн бир бөлүгү экендигин айткан. Мурдараак маалымат каражаттары Бахрейндин өкмөтү өлкөдө тартип орнотуу үчүн коңшуларынан жардам сурагандыгын билдиришкен эле.

Бул өлкөдө азчылыкты түзгөн жана Египет менен Тунистеги элдик толкундоолорго шыктанган шийиттер өткөн айдан бери көчөгө чыгып жатышат. Алар бийликте үстөмдүк кылган суннит падышанын үй-бүлөсү дискриминациялык саясат жүргүзүүдө деп нааразы.

Перси булуңу Кызматташтык кеңешине суниттер бийлеген Сауд Аравия, Бириккен Араб эмираттары, Кувейт, Катар, Оман жана Бахрейндин өзү кирет. Бул уюмдун баш катчысы Абдул Рахман ал-Аттия кечээ Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кимисинде болбосун коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо бирикменин жалпы жоопкерчилиги экендигин айткан, бирок ал Бахрейн жардам сураган-сурабаганын ачыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG