Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Секуляризм: Кыргыз, араб исламчылары эки ача жолдо


Турсунбай Бакир уулу менен Динара Ошурахунова "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө. 2011-жылдын 12-январы.
Турсунбай Бакир уулу менен Динара Ошурахунова "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө. 2011-жылдын 12-январы.

Кыргызстанда «баары мусулманчылыкка баш ийсе, бардык терс көрүнүштөр өзүнөн өзү жок болот, ал эми секуляризм, тескерисинче, элди бузат» деп жар салгандардын үнү улам катуулап чыга баштады. Ошол эле убакта исламдын башаты болгон араб өлкөлөрүндө соңку элдик толкундоолордон улам, мындай радикал исламчыл көз караштар көпчүлүктүн колдоосуна ээ эмес экендиги айгине болуп жатат.

Окуп отурганга шартыңыз келбесе, баянды бул жерден угуңуз:





АЛГЫ СӨЗ


Кыргызстанда сан жагынан аз, бирок айтканын бербеген көшөргөн исламизмдин жүзү жакында Турсунбай Бакир уулунун укук коргоочулардын бири менен кайым айтышуусунда айрыкча "жарк" этти бейм.

"Азаттыктын" апталык «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүндөгү бул талкууда мурдагы Акыйкатчы жана учурдагы депутатка бейөкмөт уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунова оппонент болгон.

Окурмандардын болуп көрбөгөндөй кызуу талаш-тартышын жараткан бул кайым айтышта Ошурахунова секуляардык, демек, мамлекет динден ажырым болгон түзүлүштү колдогон күчтөрдүн атынан чыкты.

Талаш Жогорку Кеңештин бир нече депутаты "парламентте намазкана ачабыз" дегенден башталган эле.

Кыргызстан секулярдуу мамлекет экендигин бетке кармаган бир катар укук коргоочулар мамлекеттик каражатты бир диндин өкүлдөрүнө сарптоого каршы чыгышты.

Мусулман кесиптештеринин укугун талашкан саясатчы, "Ар Намыс" партиясынын өкүлү Турсунбай Бакир уулунун өзүн атеист деп атаган Ошурахунова менен чуулгандуу дебаты кыргыз коомунда адептүү сүйлөшүүнүн маданияты анчалык өнүгө элек экендигин да көрсөттү.

Мусулман гана адеп-ахлакты билеби?

Талкуунун маданияты жана секулярчылардын диний талкууда такшалбагандыгы - бир маселе.

Мисалы, Ошурахунова жөөттөр менен христиандардын диний салттарынан улам ишемби, жекшемби күндөрү көп өлкөлөрдө дем алыш болуп калгандыгын айта алган жок.

Кеп Кыргызстанда "ислам дини бардык проблемаларды чечип берет" деген популисттик турумдун улам кеңири жайылып бараткандыгында.

“Ыңгайсыз суроолор" талкуусунда экс-омбудсман өлкөдөгү акыйкат башкарууну момун мусулмандар гана кепилдей алат деген кыяста сүйлөдү:

- Сизге окшогон адамдар (Ошурахунованы айтып жатат. - Ж.С.) Батыштан акча алып, Кыргызстандын эмес, Батыштагы кожоюндардын акчасын ойлойсуздар. Эгерде Кыргызстандын элин ойлосоңор, ыймандуулук келсе, мугалимдердин, дарыгерлердин да маселеси чечилет.

Бакир уулунун айткандарынан ошондой эле жаман иштерге көбүнчө атеисттер, мусулмандардын тилинде айтканда, капырлар барат деген жыйынтык чыгарууга болмок:

- Бүгүнкү күнү 17 миң адам түрмөдө отурат, ошонун 16 миңи атеисттер. Эмне үчүн ошолор айтылбайт?

Кыргызстан секулярдык түзүлүштөн баш тартып, мусулманчылыктын мыйзамдары менен жашай баштаса, башкача айтканда, конституцияны шарият алмаштырса, бардык терс көрүнүштөр жоюлуп калабы?

Араб исламчылары демократиянын даңгыр жолунда

Кезегинде Иранда да айатолла Хомейни жана анын жолдоочулары ушундай эле ураан менен бийликке келишкен.

Сауд Арабия, Пакистан, Ооганстан шарият мыйзамдарынын негизинде жашайт. Бул өлкөлөрдөгү элдин ал-акыбалы бирок араб өлкөлөрүндөгү башка элдерди анчейин шыктандырган жок.

Бул айрыкча соңку айларда араб дүйнөсүн солкулдаткан элдик толкундоолордон улам даана байкалды.

Алжирде, мисалы, өткөн кылымдын этегинде ички согуштун жол башчыларынын бири, исламчы Али Бе-л-Хажж "аялдар иштебей үйдө отурушу керек" деген өңдөнгөн көз караштарынан улам, демократиянын келишкис душманы катары таанылган. Ал жакында баш-аламандыктан пайдаланып, өз идеяларын кайра сунуштап чыкты. Бирок демонстрациялардагы жаштар анын артынан ээрчиген жок.

Ыңкылапка көтөрүлгөн Египет менен Тунистин да "аятолла Хомейниси" жок болуп чыкты.

Кеңири таасирге ээ деп саналган “Мусулман агайиндер” кыймылы элдин түрпүн байкады окшойт, Египетте "мамлекет башчысынын кызматын талашпайбыз деле" деген билдирүү жасап келет.

“Агайиндер”, балким, алды менен жер-жерлерде өз таасирин жайылтып, анан жогорку бийликти алууну пландап жаткан болушу мүмкүн экендиги бөлөк маселе.

Кечээ жакында элдик толкундоолордо президенти бозгунга качып кеткен Тунисте да исламчылар элге демократиялык эркиндиктерди убада кылышууда.

Исламга кастарын тикпестен, ошол эле убакта демократиянын түп-негиз мыйзамдарын урматтаган мындай кыймылдардан айырмаланып, Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдө эскичил (консервативдүү) диниятчылардын таасири солгундап бараткандыгы байкалат.

Исламдык кыймылдарды изилдеген Делавэр университетинин профессору Муктадер Ханды угуп көрсөк:

Араб дүйнөсүндө Сауд Аравиясы обочодо (изоляцияда) калып баратат. Ал эми демократия, эркиндиктер жана теңдик нормага айланууда. Эгер Египетте демократия орносо, демократия араб дүйнөсүндө нормага айланат. Ал эми демократияга кастарын тиккен өлкөлөр өз аймагында турмуштан артта калгандардын катарына кошулат. Сауд Арабиянын бийликтери, бул өлкөнүн диниятчылары да ушундан коркуп жатышат.

Бүгүнкү глобалдашкан дүйнөдө бүтүндөй мамлекет бир ууч топту ээрчип калышы кыйын - көпчүлүктүн көзү ачылган, интернеттен баарын көрүп турушат.

Ошондуктан, Бакир уулу менен Ошурахунованын кайым айтышында козголгон маселелерди кеңири мерчемден карап, бул талаштар кылымдардан бери жүрүп келаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн пикирлерин угуп көрсөк.

Ален Куаноңдун Бакир уулуна жообу: Атеистте да адеп бар

Алeн Куаноң, Франциянын Кыргызстандагы экс-элчиси

Ален Куаноң - 2005-2009-жылдары Франциянын Кыргызстандагы элчиси болгон.

Мындан 300 жылдан ашык мезгил мурда абсолютизмге, анын ичинде чиркөөнүн чексиз бийлигине каршы көтөрүлгөн Франция бүгүн да мамлекет динден бөлүнгөн системанын түркүгү бойдон кала берүүдө.

Куаноң секуляризмдин шартында адеп-ахлак начарлап кетет деген ырастоого таң калганын жашырган жок.

Анын пикиринде, секуляризм Францияда башка өлкөлөрдөгүдөн көп бузукчулук жараткан жок:

- Сауд Аравиясы дүйнө эң көп порнофильм импорттогон өлкө. Араб өлкөлөрүндө сойкулук бар. Египетти, Тунисти алсаңыз, бул өлкөлөрдү коррупция чырмап алган. Секуляризмдин буга эч кандай тиешеси жок, бул цивилизациянын деңгээлине көз каранды маселе. Ошондуктан коомдугу терс көрүнүштөрдү секуляризм менен байланыштырган туура эмес.

Ал эми динге ишенген адам башка динге ишенген адамдан, же бир да динге ишенбеген адамдан жогору турабы?

Агер андай болсо, эмне үчүн Европада тазалыктын, адеп-ахлактын таянычы саналган христиан чиркөөсүн мамлекеттик башкаруудан четтетип, анын таасирин чектеп койду?

Элчи Европада көп кылымдар бою өкүм жүргүзүп турган чиркөө өзүн пакизалыктын жеткен чеги катары көрсөтө албагандыгын эскертип, буларды кошумчалады:

Элчи Ален Куланоң көл кылаасында жубайы Мартина менен, 2008-ж.

- Чиркөөсүз деле адеп-ахлак күтсө болот, тескерисинче, чиркөөнүн өзүндө ууру-кескилер болушу мүмкүн. Мен мисалы атеистмин.

Исламдык өлкөлөрдө ислам дини бар, бирок коррупция да бар, сойкулук да бар.

Бул жагынан алар биздей эле, бирок бизден өйдө эмес.


Европалык секуляризмдин башатында мусулман турган

Секуляризм түшүнүгү бир беткей эмес. Америка Кошмо Штаттарында секуляризм алтургай динди мамлекеттен кордогон система деп кабыл алынат.

Мамлекет менен динди бөлөк кармоо идеясынын башаты байыркы Рим аалымдарына барып такалат.

Бирок орто кылымдарда Европада бул системанын негиздөөчүсү - мусулман аалым, азыркы Испаниянын аймагын бийлеп турган араптардын Кордоба халифатында жашаган Ибн Рушт (латынча Аверроэс) болгондугун көпчүлүк биле бербейт.

Маектешибиздин сөзү боюнча, атеист сөзсүз эле секуляримзди колдобойт. Атеист, мисалы, динге каршы болушу ыктымал.

Бирок секулярдык системанын колдоочусу динчил адам болуп туруп да, диндин мамлекетке киришүүсүн туура көрбөшү мүмкүн:

- Көп кишилер атеизм менен секуляризм бир эле нерсе деп эсептешет. Секуляризм - атеизм эмес, бул - мен мамлекеттик кызматкер катары дин менен ишим болбошу керек дегенди билдирет. Элдер динге ишенеби, жокмун, бул менин ишим эмес.

Мамлекеттин кызматчысы катары менен коомдун турмушуна диндин аралашпоосун камсыздашым керек. Бул динге каршы дегенди билдирбейт, каалаган динин карманышсын. Бирок дин менен коом бир биринен бөлөк болушу керек.


Кыргызстанда секулярдык системанын колдоочулары өз турумун мыйзамга таянып коргоп калууга үмүттөнүшөт, бирок эгер парламентте радикал диниятчылар жана алардын колдоочулары басымдуулук кылып кетсе, мыйзам тез эле өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Бакир уулу: "Аялды күйөөсү тарбиялайт"

Кыргызстандык исламчылар азыртадан эле аялдарды жаш баладай алсыз жан катары көрсөтүп, "ошон үчүн аларды коргош керек» деген ураандын астында, аларды иш жүзүндө коомдук мейкиндиктен сүрүп чыгарууну талап кылышууда.

Буга бүгүн сөз болуп жаткан «Ыңгайсыз суроолор» программасында депутат Турсунбай Бакир уулунун иш жүзүндө өз оппонентин аял катары кордогон сөздөрүн мисалга келтирсек:

Турсунбай Бакир уулу: - Тобо кылдым, сиздин күйөөңүз барбы?
Динара Ошурахунова: - Бар.
Турсунбай Бакир уулу: - Тарбиялаганбы сизди? Күйөөңүзгө айтып коюңузчу, сизди тарбияласын, киши менен кандай сүйлөшүш керек экендигин (үйрөтсүн).
Динара Ошурахунова: - Менин күйөөмө тийишпеңиз. Мен сиздин көп аялыңызга тийишкен жокмун.

(Бул сыналгы берүү 2011-жылдын 12-январында КТРК тарабынан обого чыккан.)

Балким чынында эле аялдар коргоого муктаж, алсыз жандыр?

Бул суроомо франциялык элчи билим берүү системасы жогорку деңгээлде өнүккөн жана социалдык кепилдиктер болгон өлкөдө аялдар теңдикте жана күйөөсү менен эриш-аркак өмүр сүрөөрүн белгилеп, буга өзүнүн жеке турмушун мисалга келтирди:

- Эгер аял иштеп, өз жанын бага албаса, анда, албетте, күйөөгө чыгышы керек. Иштейин десе билими жок, же жумуш орундары жок. Францияда кыздар эркек балдардай эле билим алып, иштей алышат. Менин аялым, мисалы, боюнда бар кезинде да иштеп жүргөн. Бардыгы иштешет. Албетте социалдык система бар, ал аялдарга иштеп да, эне да болууга мүмкүндүк берет.

СӨЗ СОҢУНДА

Парижде мен тунистик активист айымга да жолуктум.

Ханем Бен Милед мекенинде президент Бен Алинин качышы менен аяктаган демонстрацияларга активдүү катышкан.

Кезегинде өмүрлүк жолдошу Мустафа сыяктуу эле Францияда билим алган Бен Милед Тунисте тиш доктур болуп иштейт.

Жашы алтымышка таяп калган активист менен баарлашуудан мен ашынган исламчылардан чочулоодо Кыргызстан жалгыз эмес экендигин түшүндүм.

Бен Милед менен маек:

XS
SM
MD
LG