Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Перси булуңундагы өлкөлөрдүн аскерлери Бахрейнге кирди


Жеңил куралданган аскерлер Бахрейн менен Сауд Аравияны туташтырган дамбадан өтүп жаткандыгын Бахрейндин телеси көргөздү. Саудиялык расмий өкүлдөрдүн бири Бахрейнге келген аскерлер - Перси булуңу Кызматташтык кеңешинин күчтөрүнүн бир бөлүгү экендигин билдирген. Бирок алардын саны канча экендиги белгисиз. Маалыматтарга караганда, аскерлердин саны 1000дей жана алар АКШнын 5-флоту турган бул өлкөнүн маанилүү жайларын кайтаруу жагынан жардам көргөзүшөт. Мунун алдында кечээ Бахрейнде демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышкан эле.

Бахрейнде азчылыкты түзгөн жана Египет менен Тунистеги элдик толкундоолорго шыктанган шийиттер өткөн айдан бери көчөгө чыгып жатышат. Алар бийликте үстөмдүк кылган суннит падышанын үй-бүлөсү дискриминациялык саясат жүргүзүүдө деп нааразы.

Перси булуңу Кызматташтык кеңешине суниттер бийлеген Сауд Аравия, Бириккен Араб эмираттары, Кувейт, Катар, Оман жана Бахрейндин өзү кирет. Бул уюмдун башкатчысы Абдул Рахман ал-Аттиях кечээ Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кимисинде болбосун коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо бирикменин жалпы жоопкерчилиги экендигин айткан, бирок ал Бахрейн жардам сураган-сурабаганын ачыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG