Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Жапон АЭСиндеги бүгүнкү жарылуудан кийин радиация таркады


Жапониядагы Фукушима атомдук электростанциясында бүгүн таң эртелеп үчүнчү жарылуу болду. Станциянын өзүндө жана жакынкы райондордо радициянын деңгээли жогорулады. Токио Электр компаниясынын расмий өкүлү: “Фукушима-1” атомдук электростанциясында жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки 6:14 экинчи реактордо жарылуу болду, - деди. - Биз ал жерлерди суу менен өчүргөнгө аракет кылып жатабыз. Бул ишке түздөн-түз катышпаган кызматкерлердин баары башка коопсуз жайга көчүрүлүп жатат".

Өткөн жума күнкү катуу жер титирөө жана цунамиден кийин бул станциядагы биринчи жана үчүнчү реакторлор жабыркаган эле. Бүгүн эрте менен №2-реактордо да жарылуу болду. Жапония абалды иликтеш үчүн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктен эксперттерди жиберүүнү суранган.

Бүгүнкү жарылуудан кийин өлкөнүн премьер-министри Наото Кан элге телекайрылуусунда бул станциянын айланасында 30 чакырымдык аралыктан чыгып кетүүгө чакырды. Анткени радиациянын коркунучу жогору.

XS
SM
MD
LG