Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Клинтон Ливия оппозициясынын лидери менен жолугушту


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ кечинде Парижде Ливиядагы оппозициянын башкы лидери Махмуд Жибрил менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн чоо-жайы тууралуу экөө тең азырынча комментарий берише элек. Мурдараак Клинтон Ливиядагы кырдаалды француз президенти Николя Саркози менен талкуулаган болчу. Франция менен Британия Бириккен улуттар уюмунда Ливиянын аба мейкиндигин жабууну сунушташкан. Бирок уюмдун Коопсуздук кеңешинде маселе боюнча бир тыянак чыгарыла элек. Ал арада БУУнун атайын өкүлү Абделила Ал Хатиб Триполиде Ливиянын тышкы иштер министри Мусса Кусса менен жолугушуп, гуманитардык кризис жөнүндө сүйлөшкөнү айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG