Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Ошто баанын өсүшүнө карата чара күчөтүлөт


Ош шаарындагы азык-түлүккө болгон баанынын өсүшүнө бөгөт коюу иштерин мындан ары да күчөтүү керек. Бул туурасында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бүгүнкү шаар активи менен болгон аппараттык жыйында билдирди.

Мындан он күн мурун шаар башчысынын тапшырмасы менен Ош шаарындагы азык-түлүккө, калкка кызмат көрсөтүүнүн бааларынын өсүшүнө бөгөт коюу боюнча комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын төрагасы, Ош шаарынын вице-мэри Алимжан Байгазаков азык-түлүккө болгон баанын бир аз да болсо төмөндөгөнүн айтты. Анын маалыматы боюнча, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасы 5 сомдон 10 сомго чейин төмөндөдү.

Ал эми шаар башчысынын айтуусунда, азык-түлүккө, күйүүчү майларга болгон азыркы дүйнөлүк баанын өсүшүнөн пайдаланган ортомчулар жергиликтүү баалардын өсүшүн пайда кылышы мүмкүн. Андыктан мэр Мырзакматов баалардын өсүшүнө бөгөт коюу боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин мындан ары да күчөтүп, бул жаатта ишти кылдат алып баруу керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG