Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

11 кыргыз жараны жараны Хабаров дубанынан келе албай жатат


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында алардын ата-энелери жана Орусиянын Хабаров дубанынан жакында Кыргыз Республикасына кайтып келген Бакыт Кубандыков билдирди. Алардын айтымында, кыргыз жарандары ал жакта үч айдан бери курулушта иштеп жатышкан. Аларды жакында эле айлыктарын бербей, жумуштан кууп салышкан. “Азыр балдарыбыз эч кайда бара албай көчөдө калышты”, - дейт ата-энелердин бири Анаркүл Түлөбаева.

Балдардын ата-энелери Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине кайрылышканын, бирок министрлик тиешелүү чара көрбөй жатканына нааразы болушууда.

“Замандаш” чет өлкөдөгү кыргыз жарандары ассоцациясынын координатору Бакыт Жумагуловдун айтымында, бул маселе боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кат менен кайрылышып, көмөк көрсөтүүсүн өтүнүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG