Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Базар-Коргондо митингчилер тарады


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук администрациясынын алдында митинг өткөрүшкөн 150 чакты адам ушул тапта тынч таркап кетишти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, чогулгандар “Базар-Коргон районунда этностор аралык араздашууга шыкакчы болгон”, “12-13-июндагы баш аламандыктарды уюштурууга катышкан” делип айыпталып аткан укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан шаардык жана облустук соттун чечимин Жогорку Соттун күчүндө калтырышы керектигин талап кылышты. Ошондой эле алар укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилованы Азимжан Аскаровду жана аны менен кошо соттолуп аткандарды жактап атат деп айыпташты. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG