Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Жапониядан чыгарылган кыргыз жарандары мекенине келди


Жапониядагы ири жер титирөөдөн кийин мекенине кетүүнү каалаган жарандардын ичинен 21 жаран кыргыз-казак чек арасынан “Ак жол” өткөрмө бекети аркылуу жаңы эле өтүп, Бишкекке келатышат. Бул тууралуу чек ара бекетинен “Азаттыктын” кабарчылары маалымдады.

Жапониядан чыккан Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы бүгүн эртең менен Алматы шаарына конгон. Ал учак менен келген 21 кыргыз жаранын бул шаардагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу уюштурган эки автобус тосуп алган.

Кечээ кыргыз Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен сүйлөшүп, алардын учагы менен катуу жер титирөө болгон Жапониядан кыргыз жарандарын алып келүүгө келишишкен болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG