Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Ташкенде Human Rights Watch уюмунун кеңсеси жабылды


Өзбекстандын Жогорку сотунун бул тууралуу токтомун эл аралык Human Rights Watch уюму 10-мартта алган. Анда өзбек бийликтери кандай негизде мындай чечим кабыл алынгандыгын түшүндүргөн эмес.

- Human Rights Watch уюмун өлкөдөн кууп чыгуу менен өзбек бийлиги адам укуктары жаатындагы сын-пикирди уккусу келбегендигин ачык билдирди. Бирок биз кол куушуруп отуруп калбастан, Өзбекстандагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу баяндамаларды даярдай беребиз, - деп айтты аталган уюмдун аткаруучу директору Кеннет Росс.

Human Rights Watch уюму Өзбекстанда 1996-жылы кеңсесин ачкан. Уюм иш жүзүндө ишмердүүлүгүн 2007-жылы эле токтоткон. Андан бери өзбек бийликтери бул уюмга жетекчи болуп келген чет элдик жарандарга Өзбекстанда иштөөгө расмий уруксат бербей, же визасын узартпай келген.

XS
SM
MD
LG