Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Жапон бийлиги радиациялык деңгээл төмөндөгөнүн билдирди


Жапон бийлиги радиациялык деңгээл бүгүн эртең менен адам өмүрүнө зыян келтирген көрсөткүчкө жетип, эми кайра ылдыйлагынын билдирди. Фукуcима атомдук станциясындагы реактордун жарылуусунан кийин радиациялык деңгээл жогорулаганы бүгүн эртең менен кабарланган.

Өткөн жума күнкү топон суу менен коштолгон жер титирөөдөн бери Токиодон 240 чакырым түштүктөгү Фукусима атомдук станциясында 3 ирет жарылуу болду.

Жапон премьер министри Наото Кан атомдук станциядан 30 чакырым аймакта кооптуу кырдаал түзүлгөндүгүн айтып, радиациялык деңгээл жогорулап кетиши мүмкүн экендигин эскертти:

- Реакторлордон чыккан радиациялык уулануу өтө жогорку деңгээлге жетиши мүмкүн. Радиактивдүү металдардын абага тарап кетүү коркунучу чоң.

Жума күнкү жер силкинүү менен топон сууда 2 жарым миңден ашуун киши набыт, миңдеген адамдар дайынсыз болуп жатканын жапон бийликтери билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG