Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Жапониянын АЭСинде дагы өрт чыкты


Жапониянын “Фукусима Дайичи” атомдук электрстанциясында бүгүн таң эртелеп өрт чыкты. Буга чейин жер титирөөдөн жана цунамиден катуу жабыркаган АЭСте эми төртүнчү реактордо өрт чыкканын кабарлап жатышат. Ушул тапта өрттү өчүрүүгө аракет кылышууда. Буга чейин Фукусима АЭСинин үч реакторунда жарылуу болгон. Бүгүн жапон өкмөтүнүн катчысы Юкио Эдано эрте менен станциянын кире беришинде радиациянын деңгээли кескин жогорулап кеткенин, ошондуктан кызматкерлерди убактылуу коопсуз жайга жеркирүү чечими кабыл алынганын айтты. Айланадагы райондордо жашаган элди 30 чакырымдай ыраакка кетүүгө үндөшкөн. Жапонияда өткөн аптада болгон ири жаратылыш кырсыктарынан 3300 ашуун адам өлгөнү, миңдеген кишилерден дайын жок экени кабарланууда. Жарым миллиондой киши азыр убактылуу чатырларда күн кечирүүдө.

XS
SM
MD
LG