Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Генерал Петреус Ооганстандагы ийгилик “ишенимсиз” деди


АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин башкы командачысы Девид Петреус Вашингтондо Сенаттын комитетинде сүйлөп, америкалык жана эл аралык аскер күчтөрү талиптерден негизги үстөмдүктү тартып ала алышканын билдирди. Бирок, генералдын айтымында, ооган жериндеги “ийгилик туруксуз жана ишенимсиз” болуп турат. Петреустун шейшембидеги билдирүүсү Ооганстандын Кунар вилоятында эл аралык күчтөрдүн авиа чабуулунан эки жаш бала өлгөн учурга туш келип калды. Мындан бир нече апта мурдараак абадан урулган соккудан дагы тогуз жаш бала набыт болгон эле. Президент Хамид Карзай анда эл аралык аскер күчтөрдүн аракеттерин катуу сындап, Петреустун кечиримин кабыл албай койгон.

XS
SM
MD
LG