Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Орусия менен Түркия өкмөттөрү жаңы АЭС жөнүндө сүйлөшүшү мүмкүн


Бүгүн Москвада Орусиянын премьер-министри Владимир Путин түрк өкмөтүнүн башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушмакчы. Эрдогандын Москвага визити жөнүндө “энергетика боюнча сүйлөшүүлөр болот” деп гана айтылууда. Расмий Анкара буга чейин өлкөдө алгачкы атомдук электростанция куруу боюнча Орусиянын “Росатом” ишканасы менен келишимге жетишкен. Шейшембиде бул жөнүндө суроого жооп берип жатып, Эрдоган аталган келишимден баш тартпай турганын бышыктады. Мындан бир күн мурун орус премьери В.Путин беларус президенти А.Лукашенко менен да жаңы АЭС куруу боюнча 9,4 млрд.долларга бааланган келишимге кол койгон. Ал арада дүйнөдө Жапониядагы “Фукусима Дайичи” атомдук станциясындагы кырсыктардан кийин өзөктүк энергия боюнча кооптонуулар күч алууда.

XS
SM
MD
LG