Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Мурзалиев: Башкы прокуратуранын “Альфа Телекомдогу” коррупцияга тиешеси бар


“Альфа Телеком” компаниясынын тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, Башкы прокуратура “Альфа Телекомдун” жетекчилигине түздөн-түз кысым көрсөтүп атканын билдирди. Анын ырасташынча, Башкы прокуратура MegaCom компаниясындагы коррупциялык схемаларга аралашып калган.

“Компаниянын ишине ички аудит жүргүзүү маалында Башкы прокурордун жубайы Нуржамал Байболованын “Альфа Телекомдон” 400 миң долларды чыгарып кетүүгө катышы бар экени тууралуу документтер табылды”,- дейт А.Мурзалиев.

Азырынча Башкы прокуратура жетекчилиги бул боюнча комментарий бере элек. “Азаттыктын” Башкы прокурор менен байланышуу аракети азырынча майнапсыз болуп турат. (IJz)

XS
SM
MD
LG