Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Президент “Альфа Телеком” боюнча иликтөө иштеринде ачыктыкты талап кылды


Бүгүн президент Роза Отунбаева Башкы прокурор Кубатбек Байболов, УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Каржы полициясынын төрагасы Мурат Жакыпбаев катышкан кеңешме өткөрүп, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринен MegaСom компаниясынын айланасындагы иликтөө иштери тыкыр, калыс, мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн талап кылды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча УКМК алдында ведомстволор аралык тергөө тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Мамлекет башчысы Башкы прокуратурага иликтөө иштеринин жүрүшүндө процессуалдык нормалардын жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоону тапшырды. (IJz)

XS
SM
MD
LG