Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Байболова шектүү ишке катышы бар делген кат президентке жолдонду


“Альфа Телеком” компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучусу жана тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиев бүгүн Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболованын MegaCom компаниясындагы шектүү операцияларга катыштыгы бар экени тууралуу документтерди президент Роза Отунбаевага жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мурзалиевдин юридикалык иштер боюнча орун басары Илим Карыпбеков билдирди.

Анда “Сарамжал Транс” компаниясы аркылуу “Альфа Телекомдон” 400 миң доллар өлчөмүндөгү каражат Башкы прокурордун жубайына таандык “Broodmaster - Bishkek” компаниясына шектүү жолдор аркылуу өтүп кеткени айтылат.

Нуржамал Байболова болсо Азамат Мурзалиевдин айыптоолорун четке кагуу менен АКШдан жаңы эле келип, иш кагаздары менен эми гана тааныша баштаганын "Азаттыкка" билдирди. “Альфа Телекомдон” 400 миң доллар чыгарып кеткен деген карандай калп, далилдеп берсин. Кимдин канчалык чын айтып атканын тергөө көрсөтөт", - деп жооп берди Нуржамал Байболова.(IJz)

XS
SM
MD
LG