Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Тоолуу жолдордо кар көчкүсү болушу мүмкүн


Соңку күндөрдөгү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо Бишкек – Ош (121-137, 198-265 км.), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км), Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150 км) жана Кара-Кол - Эңилчек (45-90 км.) багытында кар көчкүсү болуусу ыктымал. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты кармоо сунуш кылынат.

Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Ойдуң жерлерде суу капташы ыктымал.

17-мартка карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Айрым аймактарды туман каптайт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6… -11 даража болсо, күндүз +5… +10 даража. Талас облусунда түнкүсүн -7… -12 даража болсо, күндүз 4… 9 даража жылыйт. Баткенде түнкүсүн -4… -9 даража, күндүз +5… +10 даража, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3… -8 даража, күндүз 4…9 даража жылуу болот, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11 даража, күндүз 0…+5 даража, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8 даража, күндүз 0… +5 даража жылуу болот.

Бишкек шаарында 17-мартта жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8… 10 даража суук, күндүз 6… 8 даража жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG