Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Жапон императору өлкө элине кайрылды


Жапон императору Акихито 16-мартта өлкө жарандарына сыналгыдан кайрылып, 11-марттагы жер титирөө жана цунами алып келген кризиске аябай камтама болгонун айтты. Жер титирөө жана топон сууда жабыркаган “Фукусима” АЭСинен радиациянын бийик дехгээлине байланыштуу жумушчулар кыска мөөнөткө чыгарылды. Радиация 16-мартта кайра ылдыйлаганы маалымдалды. Бирок маалымат булактары радиациянын бийик деңгээлине байланыштуу муздаткыч системасы иштен чыккан реакторго тикучарлар суу бүркө албай жатканын кабарлашты.

Бүгүн АЭСтин үчүнчү реактору жайгашкан блоктун үстүнөн ак түтүк көрүнүүдө. Кабарларга караганда, ал буу болушу ыктымал. Шейшемби күнү “Фукусима-1” АЭСинин экинчи энергоблогунда болгон жардыруудан реактордун тулкусу жабыркаган.

XS
SM
MD
LG