Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Бабанов “Түндүк электр” жоготууларды жасалма азайтканын айтып чыкты


Биринчи-вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов компаниянын ишмердүүлүгүн иликтөөнү Энергетика министрлигине тапшырып, жетекчилерин кызматтан четтетүү, күнөөлөрү далилденсе жоопко тартуу зарыл деп эсептеди. Бабановдун айтымында, “Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаары боюнча 11,5 млн. сомдук электр кубатын “өлүк жандарга” чегерген. Натыйжада жоготуу 31 пайыздан 26 пайызга жасалма азайтылган.

Мындай дооматты ишкананын директору Тынчтык Токтогулов төгүндөдү. Ал “Азаттыкка” “Республика” партиясынын тарапкерлери ишканага өз кишилерин алып келүү максатында ушундай каралоо иштерин жүргүзүп, интрига менен алектенип жатат деп билдирди. Токтогуловдун айтымында, апрель ыңкылабынан кийин ишкананы коопсуздук кызматы, прокуратура жана каржы полициясы текшерип, мыйзамга каршы эч нерсе тапкан эмес, аталган маалымат боюнча бир да кишиден арыз түшкөн эмес.

Бүгүн биринчи-вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов “Бишкек ТЭЦ” ишканасында энергетика тармагынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, бул тармактагы коррупциялык схемага каршы өкмөт кантип күрөшүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.(BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG