Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстан: Электр кубаты үчүн жаңы базар иликтенүүдө


Айрым серепчилер Кыргызстандын ГЭСтеринде өндүрүлгөн электр энергияны экспорттоого жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын айтууда.
Айрым серепчилер Кыргызстандын ГЭСтеринде өндүрүлгөн электр энергияны экспорттоого жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын айтууда.

Кыргызстандын Ооганстанга жана Пакистанга электр кубатын сатууга кызыкдар. Бул аракеттен майнап чыгабы?

Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан отун-кубат (энергетика) тармагында биргелешкен “CASA-1000” аттуу долбоорду ишке ашырууга ниеттенүүдө.

Кыргызстандын отун-кубат министринин орун басары Автандил Калмамбетов бул долбоор тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Бул долбоор Кыргызстандагы жана Тажикстандагы жайкы электр кубатын Ооганстанга жана Пакистанга сатууну түшүндүрөт. Ооганстанда, өзгөчө Пакистанда жай мезгилинде электр кубатына керектөө муктаждыгы көбөйөт.

Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан бул долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүгүү банкы жана башка эл аралык каржы уюмдарынын көмөгү менен ишке ашырганы жатышат. Бир миллиард доллар чамалуу долбоордо Кыргызстандын үлүшү 206 миллион долларды түзөт.

Саясий туруксуздук күмөн санатууда

Эл аралык каржы уюмдары берген каражат менен Кыргызстан Тажикстанга чейин 430 чакырымдык “Датка-Хожент” 500 кВ электр чубалгыларын куруп берүүгө милдеттүү. Башка мамлекеттер да өз аймактарына тиешелүү чубалгыларды курушу керек болот.

Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү Ооганстандагы аскерий жана саясий оор абалды эске алганда бул долбоордун ишке ашышы кыйын, кайтарымы болбойт дешүүдө.

Отун-кубат маселелери боюнча талдоочу Николай Кравцовду угалы:

- Эң башкы көйгөй - Ооганстандагы согуш. Ал отуз жылдан бери уланууда, бирок качан токтоору белгисиз. Курулган чубалгыларды, зым карагайларды жана чордондорду ким кайтарат? Ар бирине бирден жоокер койобузбу? А аларга ким акча төлөйт? Бул албетте, кайра эле чыгашаны жогорулатат, баага жана анын кайтарымына терс таасир этет.

Ошол эле учурда Кравцов Кыргызстан негизги экспорттук товары - электр кубатын сатуу үчүн жаңы тышкы базар издөөгө мажбур деп эсептейт. Мисал иретинде ал Тажикстанды атады.

Бул өлкө акыркы жылдардагы аракети аркасында электр кубатын Кыргызстандан бир жарым эсе көп өндүрө баштаган экен.

Ал эми негизги базар саналган Казакстан болсо, электр кубаты жагынан Кыргызстанга көз карандылыктан чыгуунун жолдорун табууда.

ГЭСтердин келечеги кең

Экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев келечекте Кыргызстан ГЭСтеринде өндүрүлгөн электр кубатын тышкарыга сатууда (экспорт) жаңы мүмкүнчүлүк ачылганын айтууда.

Серепчи бул айрыкча өзөктүк электр кубаты ишканаларынын кооптуулугу жогору экендиги айгине болгон Жапониядагы окуялардан соң даана байкалганын эске салат:

- Долбоордун келечеги бар. Мамлекеттер өнүгүп жатат. Ошол эле Казакстан өнүгөт, Ооганстанда согуш токтойт, Пакистан да өнүгөт. Ошол үчүн электр кубаты керек болот. Өзгөчө айта кете турган нерсе, Жапониядагы окуялардан кийин атомдук электр станциялар жакында жабыла баштай тургандай болууда. Көрсө атомдук электр ишканаларынын жарылып кетиши мүмкүн экен. Мына Орусия 1980-жылдарга чейинки салынган өзөктүк чордондорду жабыш керек деген чечимге келүүдө. Башка да бир топ мамлекеттер ушундай кадамдарга барганы жатат.

Насыя текке кетпейби?

Эл аралык каржы уюмдарынын долбоорго бере турган 206 миллион долларлык насыясынын тагдыры көптөрдү күмөн ойго салып жаткан сыягы бар.

Долбоор үзгүлтүккө учураса, мурда боло келгендей ал акча мамлекеттин жана келечек муундун мойнуна карыз болуп илинет деп жатышат.

Бирок энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетовдун оюнча, бул долбоордун келечеги бар.

- Кредит өзүн-өзү актайт. Пакистанда электр кубатынын баасы 13 цент, бул кепилденген баа. Жалпы чыгашасы 9 цент. Ошондо 4-5 цент калып жатат. Ошол 5 центтен өйдө болсо, биз карап көрөбүз. Чындыгында бул долбоор өзүн-өзү актай алат.

Дүйнөлүк Банк тарабынан берилип жаткан каражаттын 45 пайызы грант, ал эми 55и насыя (кредит) түрүндө болору айтылууда.

Ал ортодо “CASA-1000” долбооруна Өзбекстан каршылыгын билдирүүдө.

Өткөн жумада Өзбекстандын Пакистандагы элчиси Ариф Каримов аталган долбоор эл аралык келишимдерге кайчы келерин айтып чыкты. Ошол эле учурда Орусия бул долбоорго катышууга ынтызарлыгын анын өкүлү Борис Ковальчук билдирди.


Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы отун-кубат кызматташтыгы маселелери Пакистандын өкмөт башчысы Саед Юсуф Реза Гиланинин жакында Кыргызстанга жасаган эки күндүк иш сапарында да талкууга алынды.

Бишкекте өткөн “CASA-1000” долбоорун талкуу учурунда ушул башкы суроого жооп изделди.

Электр кубатын улам көп өндүрүп жаткан Кыргызстан Пакистан менен Ооганстандан базар издеп жатат.

Бирок дээрлик согуштук абал өкүм сүргөн бул өлкөлөргө электр кубатын сатуу долбоору күмөн саноолорду да жаратууда.

XS
SM
MD
LG