Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Пакистан соту Раймонд Дэвиске эркиндик берди


Пакистандын соту эки адамды өлтүрдү деп айыпталган АКШ жаранын абактан чыгарды. Раймонд Дэвис АКШнын чалгындоо кызматында келишим менен иштеген агент болчу. Пенжаб штатынын юстиция министри Рана Шанаулланын 16-мартта маалымдашынча, Дэвис набыт болгон эки адамдардын үй-бүлөсүнө кун төлөгөн соң бошотулган.

Дэвистин айтышынча, ал 27-январда Лахордо аны тоноп алмак болгон эки куралчандан коргонуу үчүн ок атууга аргасыз болгон. АКШ бийликтери Дэвисте дипломаттык кол тийбестик укугу бар экенин айтып, ырасмий Исламабадды ага эркиндик берүүгө чакырып жаткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG