Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 05:14

Пакистанда аба чабуулунан 5 жаран набыт болду


АКШлык учактан атылган ракетадан Пакистандын Ооганстан жак чек арасында беш жаран набыт болду. 16-мартта Пакистандын чалгындоо кызматынын билдиришинче, кандуу окуя Түндүк Вазиристан провинциясында болду. АКШнын пилотсуз учактары Пакистандын түндүк батышындагы “ал-каидачылар” менен талиптердин өңүттөрүнө тынбай сокку уруп турат. Дүйшөмбү күнү ушундай чабуулда үч согушчан өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG