Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Мухаммад Али Ирандын руханий башчысына кайрылды


Америкадагы белгилүү мусулман боксчусу Мухаммад Али Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хакемеиге кайрылып, америкалык туристтерди түрмөдөн чыгарууну суранды. Америкалык үч турист 2009-жылдын июлунда чек арадан мыйзамсыз киргени үчүн кармалып, кийинчерээк тыңчылык үчүн айыпталышкан. Алардын бирин бийликтер былттыр сентябрда жарым миллион долларга бошотушкан эле. Калган эки туристти да бошотуу өтүнүчү менен 69 жаштагы дүйнөгө белгилүү боксчу Мухаммад Али өткөн айда кайрылганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG