Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

ИИМ мал сатуудагы “кызыл кулактыкка” каршы чара көрүүдө


Өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы менен Ички иштер министрлиги Бишкектин ири мал базарларында коррупциялык иш-аракеттерди ашкерелөө боюнча иш-чараларды өткөрдү. Ага ылайык, малды ашкере кымбат саткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. ИИМден билдиришкендей, мындай иш-чараларга ылайык этти дүң жана чекене баалары кеминде 30-40 сомго арзандады. Азыркы учурда ушундай эле иштер Чүй аймагында жүргүзүлүп жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG